КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 294 токтому

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесин бекитүү жөнүндө

         «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» жана «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына,  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;

- Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 693 «Кыргыз Республикасында жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                         М.Д. Абылгазиев