КР Министрлер Кабинетинин 06.11.22 ж. №606 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

Рекультивациялык эсептин каражаттарын пайдалануунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жободо:

– 41-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Мында рекультивация боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу органдардын талабы боюнча банктар бир жолку төлөмдөрдү камсыз кылууга милдеттүү.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                            А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу