КР Министрлер Кабинетинин 04.11.22 ж. №607 токтому

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карызын тындырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 60-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.,Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.,Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                              А.У. Жапаров


Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.

2. Санариптик казыналык милдеттенмелер – бул казыналык системанын атайын программалык платформасында катталган, анын ээсине кредитордук карыздарды, анын ичинде салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрдү тындыруу үчүн пайдаланууга укук берген документсиз мамлекеттик баалуу кагаз.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган санариптик казыналык милдеттенмелердин эмитенти болуп саналат.

4. Санариптик казыналык милдеттенмелер өз ара эсептешүүлөр үчүн накталай эмес төлөм каражаты катары казыналык системанын атайын программалык платформасында катталган катышуучулардын ортосунда гана колдонулат.

5. Бюджеттик чыгымдарды төлөө боюнча операцияларды жасоо үчүн санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу
 мөөнөтү – бир жыл.

6. Санариптик казыналык милдеттенмелер түрүндө тындырылууга тийиш болгон чыгымдардын суммасынын минималдуу босогосу 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленет.

2-глава. Аныктамалар жана терминдер

7. Бул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер колдонулат:

1) санариптик бюджеттик милдеттенменин ээси – санариптик баалуу кагазга ээ болгон, казыналык системанын атайын программалык платформасында катышуучу катары катталган мамлекеттик орган же юридикалык жак;

2) санариптик казыналык милдеттенме – бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын улуттук валютада номинацияланган, мамлекеттик органдардын учурдагы чыгымдарын жана өз ара эсептешүүлөрүн накталай эмес формада жөнгө салуу үчүн чыгарылган баалуу кагазы;

3) эмитент – баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарынан келип чыккан милдеттенмелерди өз атынан аткарууга милдеттенген юридикалык жак.

3-глава. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруунун максаттары

8. Санариптик казыналык милдеттенмелер мамлекеттик органдардын учурдагы чыгымдарын накталай эмес формада жабуу максатында чыгарылат.

9. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен накталай алуу мүмкүнчүлүгүсүз санариптик баалуу кагаздар менен төлөө шартында жана акырында аны республикалык бюджетке салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөр үчүн акыркы пайдалануу менен макулдашылган учурда гана жүзөгө ашырылат.

10. Мамлекеттик органдардын учурдагы чыгымдарын жабуу үчүн санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4-глава. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу тартиби

11. Мамлекеттик органдардын учурдагы чыгымдарын жабуу үчүн санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санариптик казыналык милдеттенмелери казыналык системанын атайын программалык платформасында электрондук формада чыгарылат.

13. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарына ылайык сериялар менен жүзөгө ашырылат, анда санариптик казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясынын чыгарылган датасы, чыгаруу шарттары, номиналдык наркы жана мөөнөтү аяктаган дата көрсөтүлүүгө тийиш.

14. Санариптик казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылышынын өзүнүн уникалдуу сериясы бар.

15. Бир сериядагы ар бир санариптик казыналык милдеттенмелердин өзүнүн уникалдуу номери бар.

16. Санариптик казыналык милдеттенмелердин параметрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана ар бир санариптик казыналык милдеттенмеде белгиленет.

17. Санариптик казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясын чыгаруу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын санариптик казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун электрондук мамлекеттик журналында (мындан ары – электрондук мамлекеттик журнал) камтылат.

5-глава. Санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу тартиби

18. Мамлекеттик органдар жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр (юридикалык жактар) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануунун шарттарын кабыл алуу жөнүндө башкы макулдашууну түзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Нускама боюнча казыналык системанын атайын программалык платформасында катышуучу катары катталат.

19. Башкы макулдашууда мамлекеттик органдардын жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттенмелери так көрсөтүлөт.

20. Мамлекеттик органдар товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн санариптик казыналык милдеттенмелер менен учурдагы чыгымдарды төлөө үчүн казыналык системанын атайын программалык платформасында юридикалык жактардын каттоосунун бар экендиги жөнүндө, ошондой эле төлөмдүн суммасынын минималдуу босоголук суммага (барабар же андан көп) ылайыктыгы жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.

21. Мамлекеттик органдар маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун натыйжалары боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен карыздарды санариптик казыналык милдеттенмелер менен жөнгө салуу жөнүндө маселени макулдашат жана макулдашууга жетишкенде казыналык системанын атайын программалык платформасында санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгарууга өтүнмөнү тариздейт.

22. Мамлекеттик органдар учурдагы чыгымдык милдеттенмелерди төлөө үчүн санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө өткөрүп берүү үчүн казыналык системанын атайын платформасында төлөмгө төлөм жүргүзүүнү ырастаган документтерди тиркейт.

23. Учурдагы чыгымдык милдеттенмелердин келип чыгышы үчүн негиз болуп саналган ырастоочу документтер товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө түзүлгөн келишимдин көчүрмөлөрү, салыштыруу актыларынын жана/же башка документтин көчүрмөлөрү болуп саналат.

6-глава. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо

24. Казыналык системанын атайын программалык платформасында төлөмдөрдү жүргүзүүдө санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана үчүнчү жактарга (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө) пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө мониторинг жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

7-глава. Санариптик казыналык милдеттенмелерди эсепке алуу жана жокко чыгаруу

25. Юридикалык жактар санариптик казыналык милдеттенмелерди өз товарлары, жумуштары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө катары пайдалануу боюнча укуктарды кабыл алгандан кийин, санариптик казыналык милдеттенмелерди колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин казыналык системанын атайын программалык платформасында республикалык бюджетке салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрдү жүргүзүү үчүн төлөмдү жүзөгө ашырууга өтүнмөнү тариздеши зарыл.

26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген санариптик казыналык милдеттенмелерди республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө эсептөөгө юридикалык жактардан түшкөн өтүнмөнү ээсинин учурдагы салыктык жана салыктык эмес милдеттенмелерин эсептен чыгаруу жолу менен иштеп чыгат.

27. Санариптик казыналык милдеттенмелердин сериялык номерин эсепке алуу жана жокко чыгаруу жөнүндө маалымат Электрондук мамлекеттик журналга киргизилет.

28. Санариптик казыналык милдеттенмелерди жокко чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.

8-глава. Жоопкерчилик

29. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгарууда казыналык системанын атайын платформасында ар бир чыгарылган серияда алардын ээсинин жоопкерчилигин көрсөтөт.

Тиркемелер

Басып чыгаруу