КР Министрлер Кабинетинин 16.11.22 ж. №626 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнундагы № 360 “Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Карама-каршылыктарды жоюу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнундагы № 360 “Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы жана 1-пункттагы “изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Тармактарда жана байланыш каналдарында инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү кылмыштуу кол салууларды аныктоо, болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   21 жана 211-статьяларына, “Контрчалгындоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 219-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”;

3) 2-пункттагы “Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган” деген сөздөр “Атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо
 иш-чараларын жүргүзүүдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускамада:

– аталышындагы “изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо
 иш-чараларын жүргүзүүдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Ушул Нускама “Изин суутпай издөө иши жөнүндө”, “Контрчалгындоо иши жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын камсыздоо тутумунун техникалык каражаттарын киргизүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.”;

– 2-пунктта: 

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө  иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын камсыздоо тутумунун техникалык каражаттары (мындан ары – ИСИИК ТК) – байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн техникалык жана аппараттык-программалык каражаттарынын комплекси;”;

төртүнчү абзацындагы “коопсуздук маселелерин тескеген” деген сөздөр “коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 3-пункттагы “изин суутпай издөө иш-чараларын” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. ИСИИК ТКны киргизүү жана пайдалануу маселелери боюнча электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү ИСИИКти пайдалануучу тарабынан жүзөгө ашырылат.”;

– 7-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“7. Электр байланышынын операторлору жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлору ИСИИКти пайдалануучуга байланыш кызматтарын пайдалануучулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты берет, “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Контрчалгындоо иши жөнүндө”, “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, ошондой эле ушул Нускамада белгиленген учурларда аларга бардык байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо  иш-чараларын жүргүзүүгө уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү, маалымат базасына, байланыш операторунун автоматташтырылган тутумдарына жетүүнү камсыздайт.”;

экинчи абзацындагы “изин суутпай издөө” деген сөздөр “тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 10-пункттагы “ИСИИКти жүзөгө ашырган” деген сөздөр “сотко чейинки өндүрүштү, атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүзөгө ашырган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 13-пунктта:

үчүнчү абзацындагы “абоненттер тууралуу байланыш операторунун маалымат базасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт” деген сөздөр “төмөнкү маалыматтарды камтыган абоненттер жөнүндө байланыш операторунун маалымат базасын түзөт” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзацындагы “ИСИИни” деген аббревиатура “атайын тергөө аракеттерин, изин суутпай издөө жана контрчалгындоо  иш-чараларын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

алтынчы абзацындагы “изин суутпай издөө” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттерин, изин суутпай издөө жана контрчалгындоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 15-пункттагы “изин суутпай издөө” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 16-пунктта:

биринчи абзацындагы “изин суутпай издөө иш-чараларын” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө  иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– алтынчы абзацындагы “изин суутпай издөө” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 4-главанын аталышындагы “Изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууда” деген сөздөр “Атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө” деген сөздөр менен алмаштырысын;

– 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“21. Абоненттер жана аларга көрсөтүлгөн байланыш кызматтары жана электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун автоматташтырылган тутумдары жөнүндө маалымат базаларында камтылган маалыматтарды берүү “Изин суутпай издөө иши жөнүндө, “Контрчалгындоо иши жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн негиздер жана шарттар болгон учурда жүзөгө ашырылат.”;

– 22-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“22. Кошулуулар жөнүндө маалыматты алуу, байланыштын техникалык каналдарынан, компьютердик тутумдардан жана башка техникалык каражаттардан маалыматты алуу, ошондой эле электр байланышынын операторлорунун жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунун тармактарында жана каналдарында башка иш-чараларды жүргүзүү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:”;

экинчи абзацындагы “изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр “тергөөчү жана контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“23. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө түздөн-түз электр байланышынын операторлорунан жана мобилдүү уюктук байланыштын операторлорунан кошулуулар жөнүндө маалыматты алуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.”;

– 24-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы, абоненттер жана аларга көрсөтүлгөн байланыш кызматтары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле башка маалыматтарды колдонуу үчүн жоопкерчиликти сотко чейинки өндүрүштү жана контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү кызмат адамдары тартат.”;

5) жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:

– тиркеменин жогорку оң бурчундагы “изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– аталышындагы “Маалыматтарды берүү тармагында изин суутпай издөө иш-чараларынын” деген сөздөр “Байланыш тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө маалыматтарды берүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 1-пункттагы “изин суутпай издөө иш-чараларынын” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо  иш-чараларын жүргүзүүдөгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 11-главанын сегизинчи абзацындагы “изин суутпай издөө  иш-чараларынын” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларынын, атайын тергөө аракеттеринин жана контрчалгындоо иш-чараларынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6) жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:

– тиркеменин жогорку оң бурчундагы “изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– аталышындагы “изин суутпай издөө иш-чараларынын” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо  иш-чараларын жүргүзүүдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

7) жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде;

– тиркеменин жогорку оң бурчундагы “изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен” деген сөздөр “атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– аталышындагы “Изин суутпай издөө” деген сөздөр “Атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 1-пункттагы “изин суутпай издөө иш-чараларын” деген сөздөр “жана каналдарында атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 3-пункттагы “изин суутпай издөө иш-чараларынын” деген сөздөр “тармактарда жана каналдарда атайын тергөө аракеттери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларынын, атайын тергөө аракеттеринин жана контрчалгындоо иш-чараларынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы           А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу