КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 290 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги   № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускамада:

- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«Нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн кайрылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам факсимилдик (факсимиле) кол тамга менен пайдаланууга укуктуу, ага нотариустун катышуусунда кол коюлат, андан кийин нотариус коюлган колдун үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы тууралуу күбөлүктү берет.»;

 - III-бөлүмдүн VII-бапынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «VII бап. Документтерде коюлган өз колу жана факсимилдик колдордун аныктыгын күбөлөндүрүү;

- 157-пунктта:

 биринчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Нотариустар мыйзамда аныкталган учурларды албаганда мазмуну мыйзамга карама-каршы келбеген жана бүтүмдү баяндабаган документтерде коюлган өз колу жана факсимилдик колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт.

 төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

«Нотариустар Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 741-беренесине ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга факсимилдик кол тамга күбөлөндүрүлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берет.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу