КР Министрлер Кабинетинин 21.11.22 ж. №651 токтому

Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартибин бекитүү жөнүндө

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесин аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров


Тиркеме


Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби

1. Жалпы жоболор

1. Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби (мындан ары – Тартип) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык иштелип чыкты жана түзүлгөн контрактка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөө жана ырастоо шарттарын жана ыкмаларын аныктайт.

Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөө жана ырастоо төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:

– монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;

– мамлекеттик статистикалык ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик орган; 

– иштин тиешелүү тармагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган башка органдар. 

Ушул Тартипте терминдер жана түшүнүктөр “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген маанилерде колдонулат.


2. Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөө жана ырастоо шарттары

2. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилейт жана ырастайт, эгерде кайрылуу төмөнкүлөр менен байланышкан учурларда:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунда каралган тартипте табигый монополиялар чөйрөсүндөгү товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунда каралган тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 “Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомунда каралган тартипте социалдык жактан маанилүү товарларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген учурда, аталган товарларга;

4) баасын жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылган товарларга, жумуштарга кызмат көрсөтүүлөргө.

3. Келишимде аталган форс-мажордук жагдайларда (30 % ашык кымбаттоодо инфляция, кызмат көрсөтүүлөр, ресурстар) сатып алуучу уюмдар баанын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөө жана ырастоо үчүн мамлекеттик статистикалык ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик органга же болбосо тиешелүү иш тармагын мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган башка органдарга кайрылат.

4. Курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган учурдагы бааны жөнгө салат, базистик деңгээлге карата баалардын индексин иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте курулушта колдонулуучу ресурстарга болгон бааларга мониторинг жүргүзөт.

3. Сатып алуучу уюмдардын кайрылуу тартиби

5. Сатып алуучу уюмдар баанын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилеген жана ырастаган маалыматты алуу үчүн кайрылуу (жазуу жүзүндө/электрондук) берет, анда жазуу жүзүндөгү кайрылуу жибериле турган мамлекеттик органдын аталышы же тиешелүү кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты же тиешелүү адамдын кызмат орду, ошондой эле жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон тиешелүү адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо, акыркысы), почта дареги/ электрондук почта дареги көрсөтүлүүгө тийиш, кайрылуунун маңызын баяндайт, жеке колун жана датаны коёт. 

Кайрылууга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:

– атаандаштардын бааларын талдоо;

– чыгымдардын сарптоолор беренелери боюнча көбөйүшүн ырастаган документтерди тиркөө менен сарптоолор калькуляциясы;

– мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорунун натыйжалары боюнча түзүлгөн контракт;

– баанын өсүшүн ырастаган документтер.

6. Сатып алуучу уюмдун кайрылуусу 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде каралат. Карап чыгуунун натыйжалары боюнча жооп ырастоочу документтер бар болсо, аларды тиркөө менен жиберилет.

Тиркемелер

Басып чыгаруу