2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун – компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– 2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун – компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
– Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
2-тиркемеге ылайык;
– Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Программанын аткарылышы жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Программанын аткарылышы жөнүндө квартал сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына отчеттук кварталдан кийинки айдын 15ине чейин маалымдасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров