Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставында:
– 3, 7, 35-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Өкмөтү” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Министрлер Кабинети” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 22-пункттагы “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“Борбордун директору аны кызматка дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен эмгек келишимин түзөт. Борбордун директорунун эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуусу кызматтан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.
Борбордун директору кызматтык милдеттерин эмгек келишими түзүлгөндөн кийин аткара баштайт.”;
– 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи – тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушунун негизинде;
– өз милдеттерин талаптагыдай эмес аткарганда же ушул Уставдын 25-пунктунун үчүнчү жана тогузунчу абзацтарында баяндалган милдеттерди аткарбаганда;
– эмгек келишиминде каралган башка негиздер.”.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборун юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров