КР Министрлер Кабинетинин 15.12.22 ж. №676 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 581 “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 581 “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пункттагы “(кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Иркештам автожолу” жана “Торугарт автожолу”, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункттарын кошпогондо)” деген сөздөр “(кыргыз-кытай жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларындагы автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 11, 41-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“12. 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү мезгилинде калк жана бюджеттик уюмдар үчүн көмүр жетишсиз болгон жана
 баасы жогорулаган учурда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын шаарларынын мэрлерине жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.”. 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                                    А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу