Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык
бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленсин:
– мазуттан (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) тышкары, автомобиль транспорту менен мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу);
– темир жол транспорту менен мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу).”;
2) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров