КР Министрлер Кабинетинин 14.12.22 ж. №674 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
 

 Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1317-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):

– “Социалдык тейлөөлөр” 3-главасында: 

         9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

9

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын “Кыргыз Республикасындагы илимий изилдөөлөр” илимий журналына макалаларды жарыялоо

УАК

УАК

Акы төлөнөт

                                                                                                   ”;

“Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр” 4-главасынын 10, 11, 12, 13, 63-пункттарындагы “ЖАК” деген аббревиатура “УАК” деген аббревиатурага алмаштырылсын;

 – “Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматын көрсөтүү” 5-главасында:

6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

6

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой өстүрүү жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу

АЧМ

ЖРЭТКМ,

АЧМ

Акы төлөнөт

”;

12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

12

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитиле турган эпизоотияга каршы иш-чаралардын тизмегине ылайык ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүү

АЧМ

АЧМ

Акысыз

”;

13, 21, 22, 23-пункттардагы “АЧТММ” деген аббревиатура “АЧМ” деген аббревиатурага алмаштырылсын;

45-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

45

Кардарлардын табыштамасы боюнча белгиленген түрдөгү документ берүү менен ченөө каражаттарынын тибин бекитүү

ЭКМ

ЭКМ

Акы төлөнөт

                                                                                                    ”;

         төмөнкүдөй мазмундагы 65, 66-пункттар менен толукталсын: 

65

Лабораториялык корутунду берүү менен асыл тукум малдын алып келинген уругунун сапатына лабораториялык изилдөөлөр

АЧМ

АЧМ

Акы төлөнөт 

66

Асыл тукум малдын асыл тукумдук жана азыктуулук сапаттарын жана тегин аныктоо

АЧМ

АЧМ

Акы төлөнөт 

                                                                                                             ”;

– “Маалымат менен камсыздоо тейлөөлөрү” 6-главасынын
 4-пунктундагы “ЖАК” деген аббревиатура “УАК” деген аббревиатурага алмаштырылсын;

– “Коопсуздукту жана сактоону камсыздоо” 8-главасынын
 11-пунктундагы “Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо” деген сөздөр “Кооптуу, ири габариттүү жана оор салмактуу жүктөрдү коштоо” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

– “Башка кызмат көрсөтүүлөр” 9-главасында:

3, 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “

3

Жаратылышты коргоо, рекреациялык, илимий, эстетикалык, тарыхый-маданий жана агартуучу маанидеги, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш музейлеринин, экологиялык визит борборлорунун, бекитилип берилген аң уулоо жерлеринин объекттерине баруу

ЖРЭТКМ

ЖРЭТКМ, КРПИБ,

АЧМ

Акы төлөнөт

4

Мамлекеттик токой питомниктеринде өстүрүлгөн жыгачтарды багып кыюудан, токойду калыбына келтирүүчү кыюудан, санитардык кыюудан кийин жана тигилүүчү материалдарды сатуу

АЧМ

ЖРЭТКМ, КРПИБ,

АЧМ

Акы төлөнөт


”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                                   А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу