Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
“- Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиянын колдонулушун токтото туруунун тартибин.”;
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерине тарыхый-маданий экспертиза өткөрүүнүн тартибин.”;
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн, тартибин, каттоону жана ага карата талаптарды, ошондой эле медициналык документтердин жана профилактикалык эмдөөлөрдүн сертификатынын формаларын.”;
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-он экинчи абзацтар менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө келген мамлекетинде медициналык тейлөөнүн (анын ичинде медициналык камсыздандыруу) тартибин;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерине ар жылкы эмгек өргүүсүн берүү менен байланышкан барып-келүү транспорттук чыгымдарын төлөөнүн тартибин;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкеринин өзү менен бирге чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн үй-бүлө мүчөлөрүнө 3 жылдын ичинде бир жолу ар жылкы эмгек өргүүсүн берүү менен байланышкан барып-келүү транспорттук чыгымдарын төлөп берүү же болбосо келген өлкөдөн Кыргыз Республикасына жана кайра кайтуу үчүн авиа билетинин наркына теңдеш акчалай компенсациясын төлөп берүү тартибин;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, анын жакын туугандарынын бирөөсү (ата-энеси, жубайы, ага-иниси, эже-сиңдиси, уулдары, кыздары) же жубайынын жакын туугандарынын бирөөсү (ата-энеси, ага-иниси, эже-сиңдиси, уулдары, кыздары) каза болгонуна байланышкан барып-келүү транспорттук чыгымдарын төлөп берүүнүн тартибин;
- чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерге келген мамлекетте аны менен бирге жашаган жубайы болгон учурда, ар айлык акчалай күтүүнүн 30 пайыз өлчөмүндөгү кошумча акчалай акы төлөнбөгөн өзгөчө учурлардын тизмегин.”;
- 17-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 28-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев