КР Министрлер Кабинетинин 25.11.22 ж. №657 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 3-главасында:

         – он жетинчи абзацындагы «252» деген цифралар «340» деген цифралар менен алмаштырылсын, «, ал 1,35 жогорулатуу коэффициентине түзөтүлөт» деген сөздөр алып салынсын;

– отуз биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

 2) Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:

         – 6-пунктта:

«2022-ж. 01.06.» графасындагы «252,0» деген цифралар «340,0» деген цифралар менен алмаштырылсын;

«Жогорулатуу коэффициенти» деген позиция алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу