КР Министрлер Кабинетинин 26.12.22 ж. №713 токтому

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу маселелерин натыйжалуу чечүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1..Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте (макулдашуу боюнча):

1).2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкүлөр боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн:

–.Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү күтүүнү жана өнүктүрүүнү уюштуруу; 

–.айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базасында айыл жериндеги ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоону, күтүүнү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун, башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасын түзүү;

2).суу пайдалануучулар ассоциациялары, ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери, жайыт комитеттери менен тиешелүү иштерди жүргүзсүн;

3).ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.

2..Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:

–.эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, башка кызыкдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн, зарыл болгон учурда пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну демилгелесин;

–.2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө аралыктык талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына тиешелүү маалыматты берсин;

–.2025-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоордун жыйынтык натыйжаларын изилдесин жана алынган тажрыйбаны Кыргыз Республикасынын башка облустарынын айыл аймактарына андан ары жайылтуу жөнүндө сунуштарды киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

–.ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү;

–.Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-статьясына жана “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 271-статьясына ылайык сугат суусун берүүнү башкаруу жана ирригацияны өнүктүрүү маселелерин жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттардын уставдарына киргизүү;

– коомдук бирикмелердин балансында турган айылдык ичүүчү суу менен камсыздоо объекттерин, ирригациялык системаларды, бул объекттерди жана системаларды эксплуатациялоо жана күтүү, ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын күтүү жана жакшыртуу үчүн пайдаланылуучу башка негизги каражаттарды муниципалдык менчикке кабыл алуу.

4..Министрликтер жана административдик ведомстволор белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына пилоттук долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

5..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                               А.У. Жапаров

                                                                                  


Тиркемелер

Басып чыгаруу