КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 287 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 151 «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобого:

 - 12-пунктундагы «30 күндөн кийин» деген сөздөр «15 күн өткөндөн кийин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пунктундагы «30 күндөн ашпоого тийиш» деген сөздөр «15 күн өткөндөн кийин башталат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 19-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«20. ММК Полисин сатуудан келип түшкөн каражаттар андан ары аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга пайдалануу үчүн бюджеттик ресурстардын администратору катары ММК Фондунун өздүк казыналык эсебине келип түшөт жана эске алынат.»;

 -  Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар үчүн ММК Полисинин наркын эсептөөнүн методикасында:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. ММК Полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

ПН = 1 ЭК х 12, мында:

ПН – ММК Полисинин наркы;

ЭК – Эсептик көрсөткүч, анын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктайт;

12 – календардык айлардын саны;”;

         4 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:

III бөлүмүнүн 1-главасынын 4-пунктундагы «2013-жылдын 28-июнундагы № 388 «Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-2014-жылдары медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө» деген сөздөр «2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790  Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы»  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

7-пунктундагы «30 күндөн ашпоого тийиш» деген сөздөр «15 күндөн ашпоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн  кийин күчүнө кирет.

      Премьер-министр                                                                 М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу