КР Министрлер Кабинетинин 22.12.22 ж. №711 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Топтомо системанын жагымдуулугун жогорулатуу жана пенсиялык топтолгон каражаттарды төлөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:

- 1-пунктта:  

- 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6) ипотекалык кредит алып жаткан же алган, ошондой эле «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому (мындан ары – «МИК» ААК) тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;»;

7-пунктчадагы «адамдарга» деген сөздөн кийин «, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине» деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктта:

жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«– ипотекалык кредит алып жаткан же алган, ошондой эле «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамга, ошондой эле жубайына бир жолу, эгерде ар биринин пенсиялык топтоолорунун суммасы кайрылган учурда өз өзүнчө беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем болбосо жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаса;»;

сегизинчи абзац «адамдарга» деген сөздөн кийин «, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине» деген сөздөр менен толукталсын;

- 151-пунктта:

биринчи абзац «Ипотекалык кредит алып жаткан же алган» деген сөздөрдөн кийин «, «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн» деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«– ипотекалык турак жайга кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан ипотекалык кредит берүүнү жактыруу жөнүндө же анын бар экендиги жөнүндө, же болбосо «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө жөнүндө документ.»; 

- 17-пунктта:

үчүнчү абзац «Ипотекалык кредит алып жаткан же алган» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн» деген сөздөр менен толукталсын; 

үчүнчү абзацтагы «үч иш» деген сөздөр «он төрт» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 26-пункт «ипотекалык кредит алган же алып жаткан» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн» деген сөздөр менен толукталсын;

- 261-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«261. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен коммерциялык банктардын ортосунда ипотекалык кредит алып жаткан же алган, «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн камсыздандырылган адамдын, ошондой эле жубайынын пенсиялык топтоолору бар экендигин, ипотекалык кредиттин берилишин жактыруу же анын бар экенин же болбосо мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө жөнүндө ырастоо боюнча маалымат алмашуу ипотекалык турак жайга кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу ишке ашырылат.»;

- 262-пункт «Ипотекалык кредит алып жаткан же алган» деген сөздөрдөн кийин «, «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн» деген сөздөр менен толукталсын;

- 263 жана 264-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«263. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонду» мекемеси камсыздандырылган адамдын, ошондой эле анын жубайынын пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө чечимди алгандан кийин пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) банктын ырастоосунда көрсөтүлгөн банк эсебине которот.

264. Камсыздандырылган адамдын, ошондой эле жубайынын пенсиялык топтоолорунун суммасы банктын ырастоосунда көрсөтүлгөн банк эсебине которулгандан кийин пенсиялык топтоо каражаттарынын ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашып кеткен же ипотекалык кредитти берүүнү, «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү тындырууну жокко чыгарууга алып келген күтүлбөгөн жагдайларда (камсыздандырылган адамдын өлүмү, оорусу, ипотекалык кредиттен баш тартуусу, «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө, кыймылсыз мүлктү башка адамдарга сатуу, кредит берүүгө лицензияны токтото туруу жана ипотекалык кредитти берүүгө же алууга, «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөөгө тоскоол болгон башка жагдайлар) пенсиялык топтоо каражаттары (пенсиянын топтоо бөлүгү) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна кайтарылууга жана ушул камсыздандырылган адамдын, ошондой эле жубайынын өздүк камсыздандыруу эсебине киргизилүүгө жатат.»;

- жогоруда көрсөтүлгөн Эреженин 1-тиркемесинде «ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү каржылоо же жоюу» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө» деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда көрсөтүлгөн Эреженин 2-тиркемесинде «ипотекалык кредит боюнча алгачкы төгүмдү каржылоонун же жоюунун» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле «МИК» ААК тарабынан каржылануучу мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                                    А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу