КР Министрлер Кабинетинин 13.01.23 ж. №7 токтому

Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө

Финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салуу:

– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;

– Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында; 

2) Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери 10 000ден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 % өлчөмүндө төлөм алуу.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн накталай АКШ долларын алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу