Кыргыз Республикасынын “Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигине баалоо жүргүзүүнүн тартиби жана убактылуу талаптары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору.
Токтомдун аталган долбоору боюнча келип түшкөн сунуштарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын шайкештикти баалоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ж. Сабыровага 663519 телефону боюнча же a.alybekov@mineconom.gov.kg электрондук почта аркылуу жөнөтүүңүздү өтүнөбүз.
Ошол эле учурда жогоруда аталган Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин дарегин жана байланыш маалыматтарын жөнөтөбүз: Бишкек шаары Чүй проспекти, 106, e-mail: mail@mineconom.gov.kg.