Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомуна ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү боюнча функцияларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомуна тɵмɵнкүдɵй ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясында:
- IV бɵлүмүнүн 4.2-главасынын тѳртүнчү абзацы “укуктук тематика боюнча социалдык роликтерди түзүү жана көрсөтүү” деген сөздөрдөн кийин “; (ж) окуучулардын жана студенттердин арасында укуктук тематика боюнча конкурстарды ɵткɵрүү” деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- “Жооптуу аткаруучулар» графасынын 1.10-пунктундагы “УКМК,” деген аббревиатура алып салынсын;
- 2.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- “Жооптуу аткаруучулар” графасынын 2.9-пункту “БШК (макулдашуу боюнча)” деген сөздөрдөн кийин “, Жогорку сот (макулдашуу боюнча)” деген сɵздɵр менен толукталсын;
- “Ишке ашыруу мөөнөтү” графасынын 2.12-пунктундагы “2016-2017” деген цифралар “2016-2020” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 2.16-пункт менен толукталсын:
“
2.16 | Окуучулардын жана студенттердин арасында укуктук тематика боюнча конкурстарды ѳткѳрүү | 2018-2020-жылдары | Окуучулардын жана студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу | БИМ, ЮМ |
”. 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев