КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 276 токтому

Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган шаардык социалдык өнүктүрүү башкармаларын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө

Социалдык коргоо системасын андан ары оптималдаштыруу жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармаларынын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүсү боюнча бирдей шарттарды түзүү максатында,“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2018-жылдын 1-октябрынан тартып мурда шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган Ош, Токмок, Балыкчы, Талас, Каракол, Нарын, Өзгөн, Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя, Баткен жана Сүлүктү шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалары республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоого которулсун.

2. Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Өзгөн жана Токмок шаарларынын мэрияларына республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоого которулган шаардык социалдык өнүктүрүү башкармаларына материалдык-техникалык базаны өткөрүп берүү жана жайгаштыруу маселелерин  чечүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев



Тиркемелер

Басып чыгаруу