КР Министрлер Кабинетинин 21.01.23 ж. №30 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 “Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттордун формаларын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 27, 116, 118-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
 16-августундагы № 488 “Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:

−,13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы –алтымышынчы абзацтар менен толукталсын:

“− “Каражаттарды жайгаштыруу” КЭК;

− “Электрондук төлөмдөр” КЭК.

Мамлекеттик бюджет боюнча башкы китептин балансынын жыйынды отчетунда:

− “Каражаттарды жайгаштыруу” КЭК – коммерциялык банктарда жайгаштырылган бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттары эсепке алынат, алар учурдагы бюджеттик жыл аяктаганга чейин кайтарылууга тийиш;

− “Электрондук төлөмдөр” КЭК – Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу бюджеттик системанын бюджеттеринин түшүүлөрү эсепке алынат, БКЭге киргизилген учурдан тартып эсепке алынууга тийиш.”;

− жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы элүү үчүнчү, элүү төртүнчү саптар менен толукталсын:

401. Каражаттарды жайгаштыруу





402. Электрондук төлөмдөр





                                                                                                     ”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров



Тиркемелер

Басып чыгаруу