Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестринде:
– III бөлүмдүн 1-пунктундагы “4453300”деген цифралар “4455300” деген цифраларгаалмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров