КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 264 токтому

Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-пунктунун 1-бөлүгүнүн 10-беренесине, «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 23 жана 24-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында алгыр жырткыч куштарды күтүү жана пайдалануу эрежелери Тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев