Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын атынан Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин мүчөсү болуп аныкталсын.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасын тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын атынан Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин мүчөсү болуп аныкталгандыгы тууралуу кабарлансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев