КР Министрлер Кабинетинин 17.02.2023 ж. №79 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын “Салык төлөөчүнүн кабинети”маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 

2022-жылдын 28-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 6, 7-пункттардагы “2022-жылдын” деген сөздөр 
“2023-жылдын” деген сөздөргөалмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөнтартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу