Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акциз салыгы чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336, 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Акциздик жыйымдын маркасы менен төмөнкүлөр маркаланууга тийиш деп белгиленсин:
– 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин
1-бөлүгүнүн 6–8-пункттарында көрсөтүлгөн тамеки буюмдары;
– 2024-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктар.
Маркалоо киргизилген датадан тартып 6 ай өткөндөн кийин ушул пунктта көрсөтүлгөн маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.”;
2) 4-пункттун үчүнчү абзацындагы “2023-жылдын 1-январынан” деген сөздөр “2024-жылдын 1-январынан” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-пункттагы “2022-жылдын 31-октябрына” деген сөздөр “2023-жылдын 31-декабрына” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
– 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“38. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан өндүрүлүүчү жана импорттолуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйымдын маркасы менен маркалоо салыктык контролдоо астында, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан – бажылык контролдоо астында (анын ичинде бажы кампасынын, бажы терминалынын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү реестрге киргизилген убактылуу сактоо кампаларынын аймагында) жүзөгө ашырылат.”;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибинде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
“6) банктык кепилдик - бул акциздик жыйымдын маркаларын талаптагыдай пайдаланбагандыгы үчүн салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинде көрсөтүлгөн депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө импорттоочунун милдеттенмесинин суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепилдик берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.”;
– 5-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акчалардын салынганын ырастоочу төлөм документи же акциздик маркаларды алууга арыз берилген датадан тартып 6 айдан кем эмес жарактуулук мөөнөтү менен депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө ыйгарым укуктуу салык органынын атына берилген банктык кепилдик.”;
– 6-пунктта “каражаттарын салуу” деген сөздөрдөн кийин “же банктык кепилдик берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Депозиттик эсепке акчаларды салуу же банктык кепилдик берүү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат.”;
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Ыйгарым укуктуу салык органы импорттоочу тарабынан депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу же банктык кепилдик берүү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алат жана контролдойт. Импорттоочу тарабынан салынган акча каражаттарын же берилген банктык кепилдикти эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы милдеттенменин аткарылышынын суммалары боюнча жеке карточкаларды (мындан ары - жеке карточка) жүргүзөт.”;
– 13-пункттун 1, 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын же берилген банктык кепилдикти эсепке алуу;
2) импорттоочулардын аткарылбаган милдеттенмелери боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебинен депозиттик төлөмдүн суммаларын өз убагында которуу же банктык кепилдикти аткарууну талап кылуу;”;
– 14-пункт “алынган милдеттенменин” деген сөздөрдөн кийин “же берилген банктык кепилдиктин” деген сөздөр менен толукталсын;
– 16-пункт “акча каражаттарынын салынышы” деген сөздөрдөн кийин “же банктык кепилдик берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
– 18-пункттун биринчи абзацындагы “Депозиттик төлөм” деген сөздөр “Ыйгарым укуктуу салык органынын эсебине салынган депозиттик төлөм” деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 1-пункттагы “20 сом/литр”, “30 сом/литр” деген сөздөр тиешелүү түрдө “2 сом/литр”, “3 сом/литр” деген сөздөргө алмаштырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-февралындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана
415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартибинде:
– 1-пункттагы “, Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына” деген сөздөр алып салынсын;
– 2-пунктта:
биринчи абзацтагы “, Кыргыз Республикасынын спирт камтыган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын” деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацтагы “этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү” жана “жана/же лицензия” деген сөздөр алып салынсын;
он үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
– 18-пункттун он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 34-36-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык постун орнотуу тартибинде:
– 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) ушул Тартиптин 10-13-пункттарына ылайык акциздик товарды өндүрүүчү:
– туруктуу негизде акциздик товарлар болуп саналган күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүчү;
– күйүүчү-майлоочу материалдарды кошпогондо, акциздик товарды өндүрүүчү:
ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген салыктарды төлөбөө, анын ичинде жүгүртүүнүн көлөмүн жана төлөнүүчү салыктардын суммасын азайтуу тобокелдиги факторлору болгон учурда, товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу толук аныкталганга чейин;
туруктуу негизде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тизме боюнча;”;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Салык посту орнотулуучу субъекттердин тизмеси күйүүчү-майлоочу материалдардан тышкары, акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттерди кошпогондо, субъекттин салыктык (эсептик) катталган жери боюнча салык кызматы органынын буйругу менен бекитилет.
Салык посту орнотулуучу, күйүүчү-майлоочу материалдардан тышкары, акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттердин тизмеси ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет.”.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы акциз салыгын санариптик башкаруу жана сыра продукциясын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук долбоорлорду жүргүзүүгө ишкердиктин бардык субъекттеринин катышуусун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров