Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 “Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Банктык эмес финансылык рынок жаатында ишти лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 “Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы “2022-жылдын 31-декабрына” деген сөздөр “2024-жылдын 31-декабрына” деген сөздөргө алмаштырылсын:
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
– 2-пункттагы онунчу, он тогузунчу, жыйырма биринчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 9, 91, 18-главалар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров