КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 201 токтому

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө  шарттары жөнүндө 

Статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу, статистикалык маалыматтарды чогултууну жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн   негиз болуп саналган минималдык базалык ставка 5 000 сом өлчөмүндө  белгиленсин. 

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселүүлүк коэффициенттери, 1-тиркемеге ылайык.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чиндери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык;

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларына төмөнкүлөр төлөнө тургандыгы белгиленсин:

- өргүүгө чыгууда – ден соолугун чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул;

 - календарлык жылдын аягында - орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;

- иштин жашыруун мүнөзү жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайыздык үстөк;

- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыска зоналарда жашаган жана иштегендерге - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин 7-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети,” деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинин 27-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                          М.Д.Абылгазиев