Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Ата мекендик пияз өндүрүүчүлөрдү колдоо жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2023-жылдын 31-январындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
– пиязга рыноктук бааны кармап туруу үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн;
– ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын;
– ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ташып чыгууга убактылуу чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров