Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 21 «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 21 «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы 1-тиркемеге ылайык;
– «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
– «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалына күбөлүктүн формасы 3-тиркемеге ылайык;
– «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалынын сыпаттамасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
– Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
– квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалдарын жана алардын күбөлүктөрүн даярдоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылсын:
‒ тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен;
‒ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров