Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө»токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасына олуттуулукжана маанилүүлүк берүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө жободо:
– 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи – төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары учурдагы жылга бештен ашпаган талапкерди сыйлоого сунуш киргизе алат.
Сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүү майрамдоо даталарына: Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө (5-май), Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө (31-август) жана жылдын жыйынтыгы боюнча (31-декабрь) туура келүүгө тийиш.
Грамота менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч берген адамдар сыйлоого сунуштун негиздүүлүгү жана алар кол койгон сыйлоо жөнүндө материалдарда баяндалган маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.»;
– 13-пунктта:
экинчи абзацтагы «12» деген цифралар «15» деген цифраларга алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы «2,5 жылдан» деген сөздөр «5 жылдан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы «10» деген цифралар «12» деген цифраларга алмаштырылсын;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– талапкерде болжолдонгон сыйлоо датасына чейинки акыркы эки жылда Президенттин, Министрлер Кабинетинин сыйлоолору жана сыйлыктары, анын ичинде Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыштын жана энчилүү сааттын жок болушу.»;
– 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Эрдик кылганы, тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү жогорку жана Кыргыз Республикасына маанилүү жетишкендиктери үчүн өзгөчө учурларда Грамота менен сыйлооушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерди сактабастан, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими (тапшырмасы) боюнча жүзөгө ашырылышымүмкүн.
Ушул Жобонун 6-пунктунун биринчи абзацында, 7-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн, сыйлоо жөнүндө өтүнгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эрдик кылган фактыны, тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү жогорку жана Кыргыз Республикасына маанилүү жетишкендиктери жөнүндө маалыматты ырастаган документти берет.»;
– 15-пункт «тапшырылган материалдар» деген сөздөрдөн кийин «Президенттин Администрациясынын кадр маселелерин жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмүнүн кароосуна киргизилгенге чейин,» деген сөздөр менен толукталсын;
– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаган, 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук берилбеген жана сунушталган талапкерлер 13-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келбеген учурда берилген сыйлоо материалдары Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан кайтарылат.»;
– 22-пункттагы «Комиссиянын натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо зарылдыгын» деген сөздөр «Комиссиянын чечиминде баяндалган жагдайларды жоюуну» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Грамота Министрлер Кабинетинин Төрагасы же болбосо анын тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, башка кызмат адамдары тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси чыккандан кийин эки айлык мөөнөттөн кечиктирбестен салтанаттуу түрдө тапшырылат.»;
– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Министрлер Кабинетинин Грамотасын жана Ардак белгисин жоготуп алганда дубликаттары берилбейт.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров