КР Министрлер Кабинетинин 03.03.23 ж. №133 токтому

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын консулдук иш маселелери боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)      жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:

–        11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«11.   Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары тиешелүү ырастоочу документтерди берген учурда консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды төлөөдөн 50 пайызга бошотулат:

1)      60 жаштан ашкан адамдар;

2)      I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;

3)      жетим балдар, интернаттык мекемелердин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.»;

–        191-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

2)      жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында:

–        5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5.     Консулдук иш-аракеттер консулдук мекемеден тышкары жүргүзүлүшү мүмкүн:

–        арыз ээсинин демилгеси боюнча, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары 100 пайызга көбөйөт. Арыз берүүчү консулдук иш-аракеттерди жасоочу жерге барууга байланышкан чыгымдарды да төлөйт;

–        Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары көп жашаган жерлерге баруу менен, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу ставкалар 200 пайызга көбөйөт.».

2.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын  21-октябрындагы № 573 «Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жободо:

–        9-пункттагы «дипломатиялык консулдуктарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн», «дипломатиялык консулдугунун же өкүлчүлүгүнүн» деген сөздөр «дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин» деген сөздөргө алмаштырылсын;

–        25-пункт «Департаменттин аймактык органдары» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери» деген сөздөр менен толукталсын.

3.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 «Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:

–        5, 7, 35-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «аймактык бөлүмдөр» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «аймактык бөлүмдөр жана чет өлкөдөгү мекемелер» деген сөздөргө алмаштырылсын;

–        6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6.     Чет өлкөдөгү мекемелер жеке мүнөздөгү маалыматтардын коопсуздук ченемдерин сактоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүүсүнүн регламентине ылайык идентификациялык жеке номерлерди ыйгарат жана/же өзгөртөт, ошондой эле идентификациялык жеке номерлерди өзгөртүүгө документтерди кабыл алат.»;

–        8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

4.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)      жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жободо:

–        3-пункттун 6-пунктчасындагы «дипломатиялык жана кызматтык паспорттор» деген сөздөрдөн кийин «, 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту» деген сөздөр менен толукталсын;

–        6, 23, 33-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Өкмөт» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

–        8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Депортацияда, экстрадицияда, реадмиссияда күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү 60 (алтымыш) календардык күндү түзөт.»;

–        14-пунктта:

«а» пунктчасында:

экинчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү» деген сөздөр «Кагазда же «Түндүк» мобилдик тиркемесинин жардамы менен санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

үчүнчү абзац төмөнкүдөй баяндалсын:

«– паспортту жоготуунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө түшүндүрмө;»;

«б» пунктчанын үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү» деген сөздөр «Кагазда же «Түндүк» мобилдик тиркемесинин жардамы менен санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

«г» пунктчанын төртүнчү абзацындагы «же камкорчусунун паспортторунун көчүрмөсү» деген сөздөрдөн кийин «– Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалыматтар жок болгондо» деген сөздөр менен толукталсын;

–        29-пунктта:

«д» пунктчадагы экинчи сүйлөм алып салынсын;

«е» пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«е) бланктын төмөн жагында күбөлүктү берген чет өлкөдөгү мекеменин аталышынын коду көрсөтүлөт (мисалы: «901022»).»;

2)      жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүндө:

–        7-пункттун он сегизинчи абзацындагы «аталышы» деген сөз «аталышынын коду» деген сөздөргө алмаштырылсын.

5.       Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                   А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу