Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 88 “Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 88 “Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
− “3105300000 – диаммоний суутек фосфаты (диаммоний фосфаты)” позициясы алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына жана Дүйнөлүк соода уюмунун Катчылыгына жогоруда аталган токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын;
2) ушул токтомго ылайык Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров