“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун мындан аркы ишинин маселелери жөнүндө
Иштебей токтоп калган ишканалардын ишин жакшыртуу, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү жайгаштыруу үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлк объекттерин кийин пролонгациялоо укугу менен белгиленген тартипте “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
“51. “Кыргызиндустрия” ААК ушул токтомдун 2,
3-тиркемелерине ылайык тизмектер боюнча чарбалык коомдордун акцияларынын (үлүштөрүнүн) мамлекеттик пакеттеринин жана мамлекеттик ишканалардын мүлктүк комплекстеринин рыноктук наркын аныктоо үчүн өз каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте көз карандысыз баалоо жүргүзсүн.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун уставында:
– 19-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) жаңы инновациялык өндүрүштөрдү, инфраструктуралык объекттерди уюштуруу жана импортту алмаштырууну камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын энергетика жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланыштыруу менен өнөр жайды модернизациялоо;”;
– 20-пункттун 1-пунктчасы “өнөр жай” деген сөздөрдөн мурда “энергетика жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланыштыруу менен” деген сөздөр менен толукталсын;
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 51–54-пунктчалар менен толукталсын:
“51) жер казынасын пайдалануу: пайдалуу кендерди чалгындоо, казуу жана кайра иштетүү, анын ичинде пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү;
52) инфраструктуралык объекттерди куруу жана реконструкциялоо;
53) электр энергетика объекттерин куруу жана реконструкциялоо;
54) транспорттук логистика;”;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун ишеним башкаруусуна өткөрүп берилүүчү мүлктүк комплекстердин мамлекеттик ишканаларынын (филиалдарынын) тизмегинде:
– 3, 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объекттерди башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик ишканасынын “Элдик” филиалы.”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 507 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын объекттерин “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилүүчү “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын объекттеринин тизмесинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 35–37-пункттар менен толукталсын:
“
35 | “Ленин атындагы завод” № 110/6 кВ подстанциясы | 129 |
36 | “ГПП” № 35/6 кВ подстанциясы | 68 |
37 | Кабель линиялары 35/6 кВ | Номерсиз |
”.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров