Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Ушул токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелери жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттери төмөнкүдөй күчүнө кирүүчү аталган Эрежелердин 2.1.1-пунктчасынын алтынчы абзацынан тышкары, 1999-жылдын 1-сентябрынан тартып колдонууга киргизилет деп белгиленсин:
– башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн – 2023-жылдын 1-апрелинен тартып;
– юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же ээлигинде турган автотранспорт каражаттары үчүн – 2023-жылдын 1-апрелинен тартып;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн –2024-жылдын 1-январынан тартып.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
– 2.1.1-пунктчада:
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“– автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полиси), кооптуу жүктү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн) же ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча тиешелүү документти;”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 16-декабрындагы № 682 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров