Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 “Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын андан ары ишке ашырууну камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 “Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун үч жылдык планы катары 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы 5-тиркемеге ылайык.”;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 5-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |