Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкын жанамамлекеттик дарылоо мекемелеринжеткиликтүү баадагы дары каражаттары жанамедициналык буюмдар менен камсыздоогожаңыча ыкманы ишке ашыруу максатында,«Кыргыз Республикасынын МинистрлерКабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлигине караштуу«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасытүзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлигине караштуу«Кыргызфармация» мамлекеттикишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын МинистрлерКабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 «КыргызРеспубликасынын Саламаттык сактооминистрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын кампа жайы менен, анын ичинде баланс кармоочулардын, мамлекеттик мүлктүн объекттерининэсебинен, акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында каттоодон өткөрсүн;
2) тийиштүү лицензияларды берсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 500 000 000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүп берсин;
2) «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024–2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда 500 000 000 (беш жүз миллион) сом суммасында бөлүнүүчү бюджеттик кредитти карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 2023-жылга 30 000 000 (отуз миллион) сом чегинде эмгек акы төлөө фонду белгиленсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров