КР Министрлер Кабинетинин 29.03.23 ж. №174 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 16-беренесине, “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8, 10-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Бул Жобо “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер мунапысын жүргүзүү, комиссия түзүү тартибин, анын функцияларын, пайдалануучулардын тизмесин түзүү, коомчулукка билдирүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун аныктайт.”.

– 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү маселелерин кароодо “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Жобонун ченемдерин гана жетекчиликке алышат.”;

– 3-8-пункттар, 2-глава күчүн жоготту деп таанылсын;

– 9-пунктта:

экинчи абзацы “агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын” деген сөздөрдөн кийин “өзгөчө кырдаалдар органдарынын, энергетика чөйрөсүндөгү органдардын, экология органдарынын, суу ресурстары органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратура органдарынын (макулдашуу боюнча)” деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзацтагы “мамлекеттик органдардын” деген сөздөр “ведомстволордун жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 10-пунктта:

экинчи абзацтагы “ыйгарым укуктуу органдар” деген сөздөр “жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары” деген сөздөргө алмаштырылсын;

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Арызга “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктунда каралган жер мунапысынын объектисинин түрүнө ылайык төмөнкүдөй документтер тиркелет:”;

сегизинчи – онунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүштөрүн жер участокторуна бөлүүнүн натыйжасында “айыл чарба” максаттуу багытына ээ жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар; 

– “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган сугат айдоону жеке турак жай куруу үчүн которуу (трансформациялоо) жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук улантуучусу болуп саналган органдардын чечимдеринин түп нускалары же архив чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, мында жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдары (айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чечими, техникалык-экономикалык негиздемеси менен башкы план же шаар куруу документтери, жер участогун изилдөө актысы, экспликация жана жер участогунун планы) тиркелет – “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
 2-беренесинин 3-пунктунун б) пунктчасында каралган жер мунапсынын объектисине карата колдонулат.

Тапшырылган материалдардын аныктыгы үчүн арыз ээси жеке жоопкерчилик тартат.”;

– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“11. Тиркелген документтери менен арыздардын келип түшүүсүнө жараша комиссия аларды компетенциясына ылайык корутундуларды берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкү аймактык бөлүмдөрүнө жиберет:

– кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү – жер участогу боюнча сот органдарынын чечимдеринин бар же жок экендигине;

– тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү чөйрөсүндө – белгиленген тартипте бекитилген Республикалык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин тизмелеринде тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине;

– саламаттыкты сактоо, санитардык жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндө – адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү объекттердин (көрүстөндөрдүн, мал көмүлүүчү жайлардын, таштанды таштоочу жайлардын ж.б. санитардык-коргоо зоналарынын) болушуна же жоктугуна;

– айлана-чөйрөнү, экологияны жана климатты коргоо чөйрөсүндө – айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү объекттердин болушуна же жоктугуна;

– өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө – жер участогунун табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал зонасына түшкөндүгүнө.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн корутундулары комиссияга 3 жумуш күндүн ичинде акысыз берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү каралган мөөнөттө корутунду бербеген учурда комиссия тарабынан бул мамлекеттик органдын оң позициясы катары чечим кабыл алынат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери корутундулардын тууралыгы жана аларды аткаруу мөөнөттөрү үчүн кылмыш-жаза, жер жана эмгек мыйзамдары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган жеке жоопкерчилик тартат.”.

– 12-пунктта:

“30 күндүн ичинде” деген сөздөр алып салынсын;

“же менчик ээлеринин” деген сөздөрдөн кийин “мөөнөтү
 30 күндөн ашпоого тийиш” деген сөздөр менен толукталсын;

– 13-пункт:

“11” деген цифралардан кийин  “жана 14” деген сөздөр менен толукталсын;

“арыз ээсине” деген сөздөрдөн кийин “3 жумуш күндүн ичинде” деген сөздөр менен толукталсын;

– 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“14. Комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкүдөй оң корутундуларынын негизинде жер участокторун айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз деп табат жана чечим кабыл алат:

– суу ресурстары чөйрөсүндө (мелиорациянын ар кандай түрлөрүнүн мүмкүн эместигинен улам);

– айыл чарба багытында жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдалануу мүмкүн болбогон учурда агрардык өнүктүрүү (которуштуруп айдоонун, айыл чарба техникасы өтүүчү жолдордун жоктугу);

– жер жана суу көзөмөлү (жер жана суу мыйзамдарына шайкештигине).

Жер участогу республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында жайгашканда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык жана облустук маанидеги шаарлардагы жер участокторун айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыздыгы жөнүндө кароо боюнча жооптуу адамдарды бекитүүгө укуктуу.”;

– 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Коомчулукка билдирүү, жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилеринин чек араларынын тизмегин жана пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин бекитүү жол-жобосун”;

– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“16. Жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилеринин чек араларынын тизмеги жана пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында болгон атайын кароо жерлерде (такта, стенд) же жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында жарыяланууга тийиш.”;

– 17-пунктта:

экинчи абзацтагы “10 күндүн” деген сөздөр “7 жумуш күндүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Комиссия белгиленген 30 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин берилген дооматтарды карабайт.”;

– 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“18. Коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия дооматтар жок болгон учурда жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилеринин чек араларынын тизмегин жана пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин 3 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөргө жиберет:

– арыз ээлерине андан ары токтоосуз билдирүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына;

– багбанчылык-дача участокторунан тышкары, алдын ала Схемаларды жана жерге жайгаштыруу долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу үчүн архитектура жана шаар куруунун тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына. 

Жер мунапысынын субъектисине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жеке турак үй куруу үчүн ушул айыл аймагында же калктуу конушта бекитилген чектелген аянтка жараша белгиленет, буга жеке менчикте турган жерлер кирбейт, алар Схемалардын жана жерге жайгаштыруу долбоорлорунун негизинде жүргүзүлөт.”;

– 19-пункттагы “Курулуш долбоорун” деген сөздөр “Жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“20. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорлорун комиссиянын кароосуна жиберет.”;

– 21-пунктта:

биринчи жана экинчи абзацтардагы “Курулуш долбоорун” деген сөздөр “Жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун” деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Комиссия чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин кворуму болгон учурда   комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана комиссиянын жыйналышына катышкан мүчөлөрү кол коёт.”;

– 23-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 25-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Чектердин, Жерге жайгаштыруу схемаларынын жана долбоорлорунун тизмеги жана жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмеси жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаарлардын мэрияларынын чечимдери менен бекитилет.”;

экинчи абзац “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына” деген сөздөрдөн кийин “менчик ээлеринин макулдугусуз” деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзацтагы “Бишкек жана Ош шаарларында” деген сөздөр “Шаарларда” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 26-пунктта:

биринчи абзацтагы “Курулуш долбоорунун” деген сөздөр “Жерге жайгаштыруу схемаларынын жана долбоорлорунун” деген сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи абзацтагы “Бишкек жана Ош шаарларында” деген сөздөр “Шаарларда” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“29. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды каттоо кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

Жер мунапысынын объектисине мурда катталган жеке менчик укуктар болгон учурда, мурда катталган укукту каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө жана жер участогуна оорлотуу катары берилүүчү укук күбөлөндүрүүчү документтин чектөөлөр бөлүмүнө которуу менен жер мунапысынын субъектисинин укугуна алдын ала каттоо жүргүзүлөт.

Жер участогу менен бүтүмдөрдү жүргүзүү бул оорлотууларды алып салгандан кийин гана мүмкүн болот.

Тараптардын тиешелүү макулдашуусу же соттун тиешелүү чечими берилген учурда оорлотууларды алып салуу жүзөгө ашырылат.”;

– 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 311-пункт менен толукталсын:

“311. Жер мунапысынын объектилериндеги жеке турак үйлөр жана калктуу конуштардагы жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жеке турак үйлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте турак жай курулуштары деп таанылат.”;

– 7-глава күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу