Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 “Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 “Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) салык төлөөчү:
- бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат;
- ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт;
2) электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталууга жана эсеп-фактураларды тариздөөгө талаптар ККМди колдонуу менен ишкердик ишти жүргүзгөн жана төмөнкүдөй салык төлөөчүлөргө карата жайылтылбайт:
- патенттин негизинде салык төлөгөн;
- катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8 000 000 сомдон ашпаган, бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча нөлдүк ставканы колдонгон.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:
– 2-главасы төмөнкү мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
“121. Ыйгарым укуктуу салык органы ЭЭФ МСте электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун төмөнкүдөй тобокелдиктер болгон учурда токтото турууга укуктуу:
1) жазылып берилген ЭЭФке товарлар жок болгондо;
2) товарлардын чыгарылган жери жөнүндө документтер жок болгондо;
3) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн жоктугунун фактылары аныкталганда;
4) салык отчеттору берилбегенде;
5) экспорттук жөнөтүүлөр ырасталбаганда.
Ыйгарым укуктуу салык органы жалган жөнөтүүлөрдүн тобокелдиктери тастыкталбаган учурда ЭЭФ МСте электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушун калыбына келтирет.”;
- 58-пункттагы “салык органы” деген сөздөр “салык кызматынын органдары” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-глава менен толукталсын:
“7-глава. Эсеп-фактураларды жараксыз деп таануунун өзгөчөлүктөрү
62. ЭЭФ төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:
1) ЭЭФте маалыматтарды туура эмес толтуруу аныкталганда;
2) салыктык текшерүү жүргүзүүдө ЭЭФте маалыматтардын шайкеш келбегендиги аныкталганда;
3) салык органдары тарабынан ЭЭФ боюнча жазылган товарлардын жоктугу жана/же жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн берилбегендиги аныкталганда;
4) салык төлөөчү ЭЭФтин ката толтурулгандыгын ырастаган документтерди тиркөө менен арыз бергенде.
63. ЭЭФти жараксыз деп таануу максатында салык кызматынын органдарында комиссия түзүлөт. Комиссиянын иштөө тартиби жана курамы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
64. Комиссия ушул Тартиптин 62-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар аныкталган, анын ичинде салык төлөөчүдөн арыз келип түшкөн күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде болгон фактыларды же салык төлөөчүнүн арызын карайт, алардын жыйынтыгында кароонун натыйжалары тууралуу маалымкат түзүлөт.
65. Маалымкатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) аныкталган шайкеш эместиктердин жана/же ЭЭФке шайкеш эмес таризделишине байланышкан башка фактылардын негиздүү сыпатталышы;
2) комиссиянын кароосунун натыйжаларынын тыянактары.
66. Маалымкаттын негизинде салык кызматынын органдары тарабынан ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө чечим чыгарылат.
67. ЭЭФти жараксыз деп таануу жөнүндө чечим салык салынуучу субъектке тиешелүү чечим салык органында катталган күндөн кийинки үч жумуш күндүн ичинде тапшырылат.
68. Ушул Тартипке ылайык жараксыз деп таанылган ЭЭФ салык отчеттуулугуна киргизилбейт.
69. Эгерде арыз салык төлөөчү тарабынан берилсе, салык органынын тиешелүү чечими арыз ээсине арыз берүү ыкмасына жараша тапшырылат.
Субъекттин кызмат адамы салык органына барып чечимди алганда ким экендигин ырастоочу документинин түп нускасын көрсөтүүсү зарыл.
70. Эгерде арыз ээси арызды кагаз жүзүндө өзү барып берсе, салык органынын тиешелүү чечимин ал арыз берген күндөн тартып он календардык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде өзү келип алууга тийиш.”
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров