Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Транспорттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттеринин ишин текшерүүлөрдү тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери төмөнкүдөй мазмундагы 24-глава менен толукталсын:
“24-глава. Транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ишкердиктин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери
85. Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары жана суу транспорту, айыл чарба жана токой чарба тракторлору жана алардын чиркегичтери чөйрөсүндөгү транспорттук коопсуздуктун тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери.
Транспорттук коопсуздук чөйрөсүндө ишкердикти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоочу критерийлерге төмөнкүлөр кирет:
- ишкердиктин түрү;
- кызмат көрсөтүүдө (жүзөгө ашырууда) тейленүүчү же ишке тартылуучу жарандардын саны;
- транспортто кызмат көрсөтүүдө болгон окуялардын статистикасы;
- транспорттук коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам бузууларынын болушу.
86. Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарындагы жана суу транспортундагы коопсуздук чөйрөсүндө ишкердикти жүзөгө ашыруучу текшерүү субъекттери белгиленген критерийлерге ылайык үч тобокелдик даражасынын: жогорку, орточо жана төмөнкү даражаларынын бирине кирет:
1. Тобокелдиктин жогорку даражасына (90 балл) кирген иштин түрлөрү:
1) төмөнкүлөрдү аткарууга арналган токтоочу жайларды жана кеме токтоочу жайларды эксплуатациялоо:
- кооптуу жүктөрдү жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүү:
- жүргүнчүлөрдү ташуучу кемелерди тейлөө:
- кемелерди реконструкциялоо, оңдоо, утилдештирүү, тейлөө жана кароо боюнча ишти жүзөгө ашыруу;
2) суу транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу;
3) дөңгөлөктүү транспорт менен кооптуу жүктөрдү ташуу;
4) суу транспортун жана суу аттракциондорун ижарага берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
5) сүйрөтүү жана маневр операцияларын аткаруу;
6) суу жолдорунда кемечилик коопсуздугун камсыздоо;
7) жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароо;
8) төмөнкүлөрдү даярдоо:
- кемелердин экипаж мүчөлөрүн;
- чакан (кичинекей) кемелердин айдоочуларын;
- суу транспортунда коопсуздукту камсыздоого катышуучу уюмдардын адистерин.
2. Тобокелдиктин орточо даражасына (50 балл) кирген иштин түрлөрү:
- жүктөрдү жүктөө-түшүрүү (кооптуу жүктөрдөн башкасын) иштерин жүргүзүү үчүн токтоочу жайларды жана кеме токтоочу жайларды пайдалануу.
3. Тобокелдиктин төмөнкү даражасына (25 балл) кирген иштин түрлөрү:
- токтотулган кемелерди пайдалануу;
- айыл чарба жана токой чарба тракторлорун жана алардын чиркегичтерин пайдалануу.
87. Темир жол транспорту жана инфраструктура чөйрөсүндө транспорттук коопсуздуктун тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери.
Темир жол транспортунун коопсуздугу жана инфраструктура чөйрөсүндө ишкердикти жүзөгө ашыруучу текшерүү субъекттери белгиленген критерийлерге ылайык үч тобокелдик даражасынын: жогорку, орточо жана төмөнкү даражаларынын бирине кирет:
1) Тобокелдиктин жогорку даражасына (90 балл) кирген иштин түрлөрү:
- жүргүнчүлөрдү ташуу;
- кооптуу жүктөрдү ташуу;
- темир жолдун кыймылдуу курамын жана жолдун жогорку түзүлүшүн оңдоо;
- жол аралыгындагы ишти жүзөгө ашыруу;
- локомотивдүү же вагондуу депого, өрткө каршы же калыбына келтирүү поезддерине ээлик кылуу;
- темир жол автоматикасы жана телемеханикага, темир жол электр байланышына жана электр камсыздоого ээлик кылуу.
2) Тобокелдиктин орточо даражасына (50 балл) кирген иштин түрү:
- темир жолу станциясына жана бекетке ээлик кылуу;
3) Тобокелдиктин төмөнкү даражасына (25 балл) кирген иштин түрү:
- башка жүктөрдү, багажды жана жүк багаждарын ташуу;
- астана жолдоруна ээлик кылуу.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Исаков