Кыргыз Республикасынын аэропортторунун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо боюнча чаралар жөнүндө
Аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аэропортторунун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан гана өзүнүн ведомстволук уюмдары аркылуу “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
2. “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жумуштардын тизмегин берүү;
2) тизмекте көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруу үчүн тиешелүү долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну жана макулдашууну камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” жана “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканалары менен белгиленген тартипте тиешелүү жумуштарды аткарууга келишимдерди түзүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 1-пункттагы “жана жол” деген сөздөр “, жолдор, анын ичинде аэропорттордун ички аэропорттук жолдору, аэродром элементтери (жасалма учуучу-конуучу тилке, буруучу жолчо жана перрон)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 12-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) куруу, күтүү жана техникалык абалын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү;”.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 “Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 12, 13-пункттар “жолдорун”, “жолдорду” деген сөдөрдөн кийин “, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктта:
12-пунктча “курулушу” деген сөздөн кийин “, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорунун, аэродром элементтеринин (жасалма учуучу-конуучу тилкенин, буруучу жолчонун жана перрондун) курулушу” деген сөздөр менен толукталсын;
13-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13) жол курулушуна, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорунун, аэродром элементтеринин (жасалма учуучу-конуучу тилкенин, буруучу жолчонун жана перрондун) курулушуна жол курулушу жаатында илимдин жана техниканын жетишкендиктерин долбоорлоо, курулуш материалдарын, конструкцияларды, инженердик системаларды жана курулмаларды чыгаруу аркылуу киргизүү;”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Ишкананын ишинин негизги максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча заказды аткаруу жана өнүккөн жол тармагынын участокторунда автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшүн камсыз кылууда мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.”;
– 13-пункттун 2, 3-пунктчалары “курулмаларын” деген сөздөн кийин “, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 14-пунктта:
1-пунктча “курулмаларын” деген сөздөн кийин “, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду)” деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды, ошондой эле аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) капиталдык, орточо жана учурдагы оңдоо, абаттоо боюнча заказдарды жана пландарды аткаруу;”.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
1) жүктөлгөн функциялардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыз кылсын;
2) мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерин сертификациялоону, квалификациясын жогорулатууну жана тиешелүү лицензиялардын жоопкерчилик деңгээлин камсыз кылсын;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров