Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишине коомдук контроль жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип тиешелүү байкоочу комиссияларды түзүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркеме
Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялар жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
- Ушул Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялар жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 32, 39, 40-беренелеринин ченемдерин ишке ашырууга багытталган.
- Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялар (мындан ары – Комиссия) өз ишин жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдардын алкагында жүзөгө ашырат.
2-глава. Комиссияны түзүүнүн тартиби
- Комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, катчыдан жана Комиссиянын 6дан кем эмес мүчөсүнөн турган курамда түзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн максималдуу саны төраганы, төраганын орун басарын жана катчыны кошкондо 15 адамдан ашпоого тийиш.
Комиссия мүчөлөрүнүн саны Комиссиянын ишинин көлөмүнө жараша белгиленет.
- Комиссиянын курамына жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу түзөтүү мекемелери, пробация органдары аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары кирет.
5. Комиссиянын курамына жаза аткаруу системасынын, ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдарынын, соттордун, пробациянын кызматкерлери, ошондой эле адвокаттар кире албайт.
6. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жылды түзөт.
3-глава. Комиссиянын максаты жана милдеттери
7. Комиссиянын ишинин максаты тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарынын чегинде жайгашкан, жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишин уюштурууга жана алардын иштешине көмөк көрсөтүү, ошондой эле соттолгондорду кайра социалдаштырууга катышуу болуп саналат.
8. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) түзөтүү мекемелеринин, пробация органдарынын ишине, бул мекемелер жана органдар тарабынан соттолгондорду кармоо шарттарынын режиминин сакталышына, аларды эмгектик пайдалануунун тууралыгына, аларды кайра социалдаштыруу боюнча иштердин жүргүзүлүшүнө жана соттолгондорго карата тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун тууралыгына туруктуу коомдук контроль жүргүзүү, ошондой эле бул мекемелерге жана органдарга көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө жардам көрсөтүү;
2) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар, пробациянын кардарлары, коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазага жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларына соттолгон, жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар иштеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда тарбиялык таасир көрсөтүүнүн уюштурулушуна жана көрсөтүлүшүнө контроль жүргүзүү;
3) соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч каттарды кароо.
4-глава. Комиссиянын укуктары
9. Комиссия өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) түзөтүү мекемелеринин администрациясынын жана пробация органдарынын ишин текшерүүгө;
2) түзөтүү мекемелеринин администрациясынан жана пробация органдарынан Комиссиянын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүнү талап кылууга;
3) жыйынтыктоочу жыйналыштарда Комиссиянын мурда чыгарылган чечимдери боюнча түзөтүү мекемелеринин администрациясынын жана пробация органдарынын отчетторун угууга, ошондой эле алардын ишиндеги кемчиликтерди четтетүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
4) жаза аткаруу системасынын органдары менен биргеликте соттолгондорду жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу же алардын жазасынын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуш менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда сотторго катышууга;
5) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кароосуна төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
- түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин жакшыртуу жөнүндө;
- эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, пробациянын кардарлары, анын ичинде жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар иштеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда тарбиялык иштерди жакшыртуу жөнүндө.
5-глава. Комиссиянын ишинин регламенти
10. Комиссия өз ишин Комиссиянын регламентинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырат, ал анын биринчи жыйналышында анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
11. Комиссиянын регламенти төмөнкүлөрдүн тартибин белгилейт:
1) Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүнүн, алардын мезгилдүүлүгүнүн жана укуктуулугунун;
2) Комиссиянын жыйналыштарында маселелерди даярдоонун жана кароонун;
3) Комиссиянын чечимдерин кабыл алуунун жана тариздөөнүн;
4) Комиссиянын ишинин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруунун.
6-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
12. Комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналыштарын чакырууну камсыз кылат, кезектеги жыйналышта каралууга тийиш болгон маселелердин чөйрөсүн аныктайт, Комиссиянын иш пландарын жана анын иши жөнүндө отчетторду жыйналыштарда кароо үчүн даярдайт. Жыйналыштардын ортосундагы мезгилде Комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерет.
13. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын курамынын жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет.
Комиссиянын жыйналышынын процесси протокол менен таризделет, анда каралуучу маселелердин мүнөзү көрсөтүлөт. Протоколго төрагалык кылуучу жана катчы кол коёт.
Комиссиянын жыйналышына эркиндигинен ажыратуу жайларына жана пробация органдарына көзөмөл жүргүзүүчү прокурор, соттордун өкүмдөрүн аткаруучу түзөтүү мекемелеринин администрациясынын жана пробация органдарынын өкүлдөрү чакырылат.
14. Ырайым кылуу жөнүндө материалдар Комиссия тарабынан материалдар келип түшкөн учурдан тартып он жумуш күнгө чейинки мөөнөттө каралат.
Ырайым кылуу жөнүндө материалдарды кароодо түзөтүү мекемелеринин администрациясынын жана зарыл болгон учурда соттолгондордун өкүлдөрүнүн, пробация органдарынын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу зарыл.
Комиссиянын ырайым кылуу маселелери боюнча жыйналышынын протоколу жалпылоо жана андан ары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгына жөнөтүү үчүн түзөтүү мекемесинин администрациясына жөнөтүлөт.
15. Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишиндеги кемчиликтерди четтетүү жөнүндө Комиссиянын компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдер аткарылууга тийиш.
Аталган мекемелердин жана органдардын администрациялары эки жумалык мөөнөттө Комиссиянын чечимдерин аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Комиссияга билдирүүгө милдеттүү.
16. Комиссиянын чечимине колдонуудагы мыйзамдарга ылайык прокурор тарабынан каршылык билдирилиши же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
17. Комиссиянын мүчөлөрү өз милдеттерин, эреже катары негизги ишинен бош убактысында аткарат. Өзүнүн негизги ишинен алагды болуу менен байланышкан тапшырмаларды аткаруу учурунда Комиссиянын мүчөлөрүнүн иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат.
7-глава. Комиссиянын ишин контролдоо
18. Комиссиянын ишин контролдоо тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат, алар өздөрүнүн жыйн