КР Министрлер Кабинетинин 17.04.23 ж. №206 токтому

Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун жеке эмгек ишин уюштуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 103-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун жеке эмгек ишин уюштуруу тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров


Тиркеме

Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун жеке эмгек ишин уюштуруу тартиби жөнүндө нускама

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун жеке эмгек ишин уюштуруу тартибин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 103-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде (мындан ары – түзөтүү мекемелери) соттолгондор түзөтүү мекемелеринин администрациясында өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр бар болсо, жеке эмгек иши менен алектенүүгө укуктуу.

  1. Айрым соттолгондордун жеке товарларды өндүрүү жана кызматтарды көрсөтүү боюнча эмгеги жеке эмгек иши болуп саналат, алар төмөнкү иштер: 
  2. мамлекеттик уюмдар жана ишканалар, ошондой эле башка муниципалдык жана коомдук уюмдар менен эмгек мамилелерисиз өз алдынча иш; 
  3. түзөтүү мекемелери, мамлекеттик уюмдар жана ишканалар, ошондой эле башка муниципалдык жана коомдук уюмдар менен келишимдик негизде биргелешкен иш.
  4. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун жеке эмгек ишинде жалданма эмгекке тартууга жол берилбейт.
  5. Соттолгондордун жеке эмгек ишин жүзөгө ашырууга байланышкан мамилелер ушул Нускама менен жөнгө салынат.
  6. Ушул Нускаманын күчү соттолгондордун илим, техника, адабият жана искусство чөйрөсүндөгү чыгармачылык ишине, ошондой эле бир жолку мүнөздөгү акы төлөнүүчү иштерди аткаруусуна жайылтылбайт.

2-глава. Жеке эмгек ишине уруксат берилген соттолгондордун категориялары

  1. Жашы жеткен соттолгондорго жеке эмгек иши менен алектенүүгө уруксат берилет. 
  2. Пенсиялык куракка жеткен соттолгон эркектер жана аялдар, ошондой эле I жана II топтогу майыптар да (мындан ары – эмгекке жөндөмдүүлүгү төмөн соттолгондор) алардын каалоосу боюнча жеке эмгек иши менен алектене алышат. 
  3. Соттолгондордун жеке эмгек иши төмөнкүлөрдү эске алуу менен уюштурулат: 
  4. соттолгондордун жеке эмгек иши менен алектенүүнү каалоосун; 
  5. иштин кармоо режиминин талаптарына ылайык келүүсүн; 
  6. бул ишти жүзөгө ашырууда түзөтүү мекемесинин администрациясынын көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүн; 
  7. соттолгондор тарабынан ишти жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдарды жабууну; 
  8. мыйзамда белгиленген эмгек акы төлөөнүн минималдуу өлчөмүнөн төмөн болбогон мындай иштен пайда алуу мүмкүнчүлүгүн.

3-главаСоттолгондорго жеке эмгек иши менен алектенүүгө уруксат берүү 

  1. Жеке эмгек иши менен алектенүү каалоосун билдирген соттолгондор түзөтүү мекемесинин администрациясына жазуу жүзүндөгү арызы жана төмөнкүлөр негизделген планды көрсөтүү менен кайрылууга тийиш:
  2. эмгек келишимисиз өз алдынча иш же түзөтүү мекемелери, мамлекеттик уюмдар жана ишканалар, ошондой эле башка муниципалдык жана коомдук уюмдар менен келишимдик негизде биргелешкен иш;
  3. даярдоого пландалып жаткан продукциянын же көрсөтүлүүчү кызматтын түрү; 
  4. өндүрүштүк жайларга, жабдууларга жана инструменттерге болгон муктаждык, чийки зат, материалдар менен камсыз кылуу жана даяр продукцияны сатуу тартиби; 
  5. келип түшүү булактары жана финансылык каражаттарды пайдалануу тартиби; 
  6. чыгашаларды эске алуу менен продукциянын, кызмат көрсөтүүнүн наркы, пайда алуу, өзүн актоо мөөнөтү.
  7. Соттолгон жеке эмгек иши менен алектенүүгө түзөтүү мекемесинин администрациясынан уруксат алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 54-беренесине ылайык салык өкүлү аркылуу патент алууга тийиш.
  8. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондорго патент алууга көмөк көрсөтүүгө тийиш. 
  9. Жеке эмгек иши менен алектенген соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
  10. түзөтүү мекемесинде кармоонун белгиленген тартибин жана режимин сактоого; 
  11. сатып алуучулардын, заказчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого; 
  12. санитардык, өрткө каршы эрежелерди жана ченемдерди сактоого; 
  13. өндүрүлүүчү товарлардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын талаптагыдай сапатын камсыздоого, ошондой эле иштин ушул түрүнө тиешелүү башка эрежелерди сактоого;
  14. түзөтүү мекемесинин, мамлекеттик ишкананын же башка уюмдардын ижарага алынган мүлкүнүн сакталышы үчүн материалдык жоопкерчилик тартууга; 
  15. түзөтүү мекемесинин көрсөтүлүүчү кызматтарын тараптардын ортосундагы келишимде каралган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө.

Соттолгондор жеке эмгек иши менен алектене турган убакыт мезгили Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелерине ылайык түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан аныкталат.

  1. Эркиндигинен ажыратуу жайларында жеке эмгек ишин жүргүзгөн мезгили үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө соттолгондор тарабынан иштин ушул түрү үчүн белгиленген өлчөмдөрдө түзөтүү мекемелеринин администрациясы аркылуу жүргүзүлөт.

4-главаСоттолгондордун жеке эмгек иши менен алектенүүсү үчүн пайдаланылган мүлк

  1. Жеке эмгек иши соттолгондор тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, аларга жеке менчик укугунда таандык болгон же болбосо заказчы тарабынан берилген чийки заттарды, материалдарды, инструменттерди жана башка мүлктөрдү, предметтерди, буюмдарды, документтерди жана тамак-аш азыктарын, ошондой эле ишканалар, мекемелер жана уюмдар же болбосо жарандар менен мүлктүк жалдоо келишими боюнча алынган мүлктү пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. 
  2. Жеке эмгек иши менен алектенген соттолгондор өздөрүнө зарыл болгон чийки заттарды, материалдарды, инструменттерди жана башка мүлктү чекене соода тармагынан жана базарлардан сатып алышат, ошондой эле бул иш үчүн аларга зарыл болгон жаратылыш ресурстарын белгиленген эрежелерди сактоо менен колдонушат.
  3. Зарыл болгон учурда жеке эмгек иши менен алектенген соттолгондор ишканалардан жана түзөтүү мекемелеринен ашыкча жана пайдаланылбаган материалдарды жана башка мүлктү сатып ала алат.

5-глава. Жеке эмгек иши менен алектенген соттолгондорго көмөк көрсөтүү 

  1. Соттолгондорду жеке эмгек иши менен алектенүүгө тартуу максатында түзөтүү мекемесинин жана ишкананын администрациясы соттолгондорго төмөнкүлөр боюнча көмөк көрсөтөт: 
  2. бул иш менен алектенүү үчүн зарыл болгон чийки заттарды, материалдарды, инструменттерди жана башка мүлктү сатып алууда;
  3. өндүрүлгөн продукцияны сатууда;  
  4. өзүн актоочулук негизде ишти жүзөгө ашырууда; 
  5. аларга белгиленген тартипте турак эмес жайларды жана башка мүлктү ижарага берүүдө, ошондой эле зарыл маалыматтарды берүүдө;
  6. өндүрүш процессинде техникалык коопсуздук эрежелеринин жана жаза өтөө режиминин талаптарынын сакталышын камсыз кылууда; 
  7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин түрлөрүн гана жүзөгө ашырууда; 
  8. түзөтүү мекемеси же ишкана менен биргелешип иштөөдө бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө;
  9. түзөтүү мекемеси, мамлекеттик жана жеке ишканалар жана уюмдар менен биргелешип иштөө келишимин түзүүдө тараптардын укуктарын жана милдеттерин аныктоодо (тизмекти, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, төлөө тартибин, ошондой эле түзөтүү мекемесинин жумушчуларынын жана кызматчыларынын ичинен жооптуу адамдарды аныктоо).
  10. Түзөтүү мекемесинин жана ишканалардын администрациясы тарабынан көмөк биринчи кезекте ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен келишим түзгөн соттолгондорго, ошондой эле эмгекке жөндөмдүүлүгү чектелген соттолгондорго (пенсионерлер, майыптар) көрсөтүлөт.
  11. Эмгекке жөндөмдүүлүгү чектелген, жеке эмгек иши менен алектенген соттолгондорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон мүлктү сатып алууга жеңилдиктер жана башка у.с. берилиши мүмкүн.

6-глава. Соттолгондор тарабынан жеке эмгек иши менен алектенүү тартибинин жана түзөтүү мекемесинин милдеттеринин сакталышын контролдоо

  1. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондордун жеке эмгек ишин контролдойт.
  2. Түзөтүү мекемесинин администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү: 
  3. соттолгондор жеке эмгек ишин жүзөгө ашырууда алардын жаза өтөө режиминин талаптарын сактоосун контролдоого;
  4. ушул Нускаманы же жаза аткаруу иши жана эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу аркылуу жеке эмгек иши менен алектенген соттолгондорду аныктоого.

Тиркемелер

Басып чыгаруу