Кыймылсыз мүлктү оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик имаратты сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 225, 231-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Ж. Жээнбаев атындагы Физика институтунун балансынан Бишкек шаары, Рысмендиев көчөсү, 1/1 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду: 1-01-15-0057-0741 болгон имаратты аянты 1,5 га жанаша жер участогу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын балансына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү аймагы менен имаратка оперативдүү башкаруу укугун белгиленген тартипте каттоону жүзөгө ашырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров