Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын контролдук-кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жана лотереянын жеңүүчүлөрүнө андан ары акысыз берүү менен кызыктыруучу лотереянын байге фондун түзүү үчүн товарларды сатып алуу бөлүгүндө ыйгарым укуктарын кеңейтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 14-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын лотереялар жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте контролдук-кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштурат;”;
- 15-пункттун 34-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“34) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды, анын ичинде лотереянын жеңүүчүлөрүнө андан ары акысыз негизде берүү менен кызыктыруучу лотереялардын байге фондун түзүү үчүн сатып алууга, тендерлерди өткөрүүгө;”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров