Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, ченемдик укуктук актылардын сапатын жогорулатуу жана инвентаризациялоо жол-жобосун оптималдаштыруу, министрликтердин жана ведомстволордун ченем жаратуу ишин координациялоону камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – Комиссия) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкештиги, маселенин укуктук жөнгө салуусунун толуктугу, маселенин ашыкча укуктук жөнгө салуусун аныктоо, аларда карама-каршылыктардын жана коллизиялардын жоктугу, коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун жок кылуу боюнча талдоо жүргүзүшсүн;
2) зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес Комиссиянын кароосуна ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизишсин;
3) инвентаризациялоонун алкагында даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Комиссиянын чечими менен жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде белгиленген тартипте киргизишсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 “Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 “Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев