Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагыкатышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгончарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынансатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Товарларды артыкчылыктуу тартипте ата мекендик өнөр жай продукциясынын өндүрүүчүлөрүнөн сатып алуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туундучарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогорудагы токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталдагы үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдор тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:
– 3-пункт төмөнкүдөй мазмуундагы 11-пунктча менен толукталсын:
“11) Ата-мекендик товар өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды чыгарган жеке же юридикалык жактар, бул товарга керектөө касиетин берүү боюнча акыркы операцияларды жасаган жана ушул товарды өндүрүүчүнүн юридикалык милдеттенмелерин алган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген товардын келип чыгышы жөнүндө сертификаты бар продукция”.
– 20.1.-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 14-пунктча менен толукталсын:
“14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 112-р тескемеси менен бекитилген тизмеге ылайык ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды сатып алуу.”.
2. Уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго өнөр жай продукциясын ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды артыкчылык тартип менен сатып алуу сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруунуконтролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөнтартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров