КР Министрлер Кабинетинин 16.05.23 ж. №264 токтому

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин 
 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 15-майынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташып келинүүчү өсүмдүк майы чийки затынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1206 00 9900) салык салынуучу импортуна:

- субьект тарабынан өсүмдүк майын өндүрүүчүнүн дарегине андан ары жеткирүү шартында гана;

- өсүмдүк майын өндүрүүчүнүн өзү тарабынан өсүмдүк майын андан ары кайра иштетүү үчүн;

2) өсүмдүк майын өндүрүүчүнүн дарегине жеткирилүүчү өсүмдүк майы чийки затынын (ЕЭС ТЭИ ТН коду 1206 00 9900) салык салынуучу жеткирүүлөрүнө;

3) ата мекендик чийки заттан жана/же ушул токтомдун
 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн чийки заттан өндүрүлгөн өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512) салык салынуучу жеткирүүлөрүнө;

4) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жүзөгө ашырылуучу өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512) салык салынуучу импортуна жана салык салынуучу жеткирүүлөрүнө. 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 “Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын тизмесинде:

- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 15-майынан тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу