КР Министрлер Кабинетинин 16.05.23 ж. №259 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишин оптималдаштыруумаксатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында нөөмөттүк автотранспорттун 7 бирдигине чейин уруксат берилет.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөнтартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы             А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу