КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 “Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик жалпы билим берүүчү гранттар жөнүндөгү жободо:

- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

“Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин абитуриент тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары 3 жыл ичинде жарактуу.”.

2.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  27-майындагы  № 256 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)-аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:

- 4.3-пунктунун экинчи абзацы “спорттук наамынын болушун ырастоочу документтер” деген сөздөрдөн кийин “, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндүгү жɵнүндɵ белгиси бар аскер билети” деген сөздөр менен толукталсын;

- 5.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин абитуриент тапшырган ЖРТнын жыйынтыктары 3 жыл ичинде жарактуу.”;

- 8.4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 8.6-пунктунун экинчи абзацы ”спорттук наамдары бар спортсмендер” деген сөздөрдөн кийин “,-мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн адамга, “Кыргызтест” системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик тилге ээ болгон деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификаты бар адамга,” деген сөздөр менен толукталсын;

2)-жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндөгү жободо:

- 2.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

“Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин абитуриент тапшырган ЖРТнын жыйынтыктары 3 жыл ичинде жарактуу.”;

- 2.7-пункту “аскер билети” деген сөздөрдөн кийин “мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндүгү жɵнүндɵ белгиси бар аскер билети” деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

“Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриенттер аскер кызматын ɵтɵгɵнгɵ чейин алынган сертификатты колдонгондо окууга кабыл алуунун туруна карабастан факультеттин мɵɵрү менен бекитилген ящикке сертификаттын ɵзүн таштайт.”;

- 3.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Эң жогорку балл алган абитуриенттер окууга кабыл алынат. Бирдей балл алган учурда “Кыргыз Республикасынын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери” спорттук наамы бар абитуриентке, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриентке жана “Кыргызтест” системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик тилге ээ болгон деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификаты бар абитуриентке артыкчылык берилет.”;

- 3.9-пункту “спорттук наамы бар абитуриентке” деген сɵздɵрдɵн кийин “, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриентке, “Кыргызтест” системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик тилге ээ болгон деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификаты бар абитуриентке,” деген сɵздɵр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Жобого тиркелген Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик гранттарды пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускамада:

-1-пунктунун жетинчи абзацындагы “запаска бошотулган аскер кызматчылары” деген сөздөр “мөөнөттүү аскер кызматынан өткөн адамдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмуна студенттерди кабыл алуунун тартибинде:

- 32-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 33-пункту “спорттук наамдары бар спортсмендер” деген сөздөн кийин “мөөнөттүү аскер кызматынан өткөн абитуриентке” деген сөздөр менен толукталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 “Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу түрүндө жана экстернат түрүндө билим алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмегинде:

- “Айыл чарба” позициясынын “610500” сабындагы “Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан” деген сɵздɵр алып салынсын;

- “Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар” позициясынын “710300” сабындагы “Сырттан,” деген сɵз алып салынсын.

5.-Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                                М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу